Ошто муниципалдык ипотека аркылуу берилчү үчүнчү үй курула баштады

Үй 45 батирден турат. Анда эки жана үч бөлмөлүү батирлер бар. Курулуш иштери 2022-жылдын алгачкы айларында бүтүп, шаардыктарга тапшыруу пландалып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Ош шаарында муниципалдык ипотекалык негизде берилчү үчүнчү үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматына шилтеме берип Sputnik агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.
1 / 4
Ош шаарында муниципалдык ипотекалык негизде берилчү үчүнчү үйдүн курулушу башталды
2 / 4
Долбоордун өзгөчөлүгү — андагы батирлер тургундарга муниципалдык ипотекалык программа аркылуу сатылат
3 / 4
Курулушка капсула салуу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышты
4 / 4
Ошто буга чейин дал ушундай негизги эки үйдүн курулушу башталган. Мэрдин айтымында, быйыл алардын бири колдонууга берилет.
Долбоордун өзгөчөлүгү — андагы батирлер тургундарга муниципалдык ипотекалык программа аркылуу сатылат.
Курулушка капсула салуу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышты.
"Акырындык менен муниципалдык кызматкерлердин, дарыгер, мугалимдердин, тарбиячылардын үйгө болгон муктаждыгы жоюлуп жатат. Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да жакшы үй куруу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат", — деди ал.
Ошто буга чейин дал ушундай негизги эки үйдүн курулушу башталган. Мэрдин айтымында, быйыл алардын бири колдонууга берилет.
Ал эми үчүнчү үй 45 батирден турат. Анда эки жана үч бөлмөлүү батирлер бар. Курулуш иштери 2022-жылдын алгачкы айларында бүтүп, шаардыктарга тапшыруу пландалып жатат.