Ош шаарында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Сүрөт

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов аймакта беш бала бакчанын курулушу башталып, азыр үчүнчүсү колдонууга берилип жаткандыгын айткан. Эки имарат былтыртан бери бөбөктөрдү кабыл алууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Ош шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасындагы №81 "Балапан" балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Анын ачылышына калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов, мекеме жетекчилери жана тургундары катышты.
1 / 4
Ош шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасындагы №81 "Балапан" балдар бакчасы пайдаланууга берилди.
2 / 4
Анын ачылышына калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов, мекеме жетекчилери жана тургундары катышты.
3 / 4
Сарыбашов жергиликтүү беш бала бакчанын курулушу башталып, азыр үчүнчүсү колдонууга берилип жаткандыгын белгилеген.
4 / 4
Ак-Тилек кичи районуна курулган жаңы бала бакча эки кабаттуу, 100 орунга ылайыкташкан.
Сарыбашов жергиликтүү беш бала бакчанын курулушу башталып, азыр үчүнчүсү колдонууга берилип жаткандыгын белгилеген.
"Өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен эки жаңы бала бакча менен 500 орундуу мектептин кошумча имаратын шаардыктардын колдонуусуна бергенбиз. Эми минтип жыл башында жаңы балдар бакчасын тапшырып отурабыз. "Балапан" бала бакчасынан тарбияланган ар бир бала эл үчүн кызмат кылышына тилектешмин", — деген Сарыбашов. 
Ак-Тилек кичи районуна курулган жаңы бала бакча эки кабаттуу, 100 орунга ылайыкташкан.