Нурмагомедов менен Шевченко UFC уюмунун мыкты мушкерлери деп табылды

Сурамжылоодо жылдын мыкты мушкери, мыкты мушкер айымы, жылдын ачылышы, сабмишени, нокауту, мыкты беттеши аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. UFC Russia менен @Championat_com биргеликте уюштурган сурамжылоодо Хабиб Нурмагомедов жана Валентина Шевченко мыкты мушкерлер деп табылды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын UFC Russia өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Сурамжылоодо жылдын мыкты мушкери, мыкты мушкер айымы, жетишкендиги, сабмишени, нокауту, мыкты беттеши, жылдын апсети (фовариттин жеңилип калышы) номинациялары боюнча тандоо жүргөн.
Анын жыйынтыгы менен жеңил салмактагы россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов "жылдын мушкери", кыргызстандык Валентина Шевченко "мушкер айым" наамына татыган. 
Теги чечен швециялык Хамзат Чимаевге "жылдын ачылышы" номинациясы ыйгарылды. 
Хабиб Нурмагомедовдун АКШлык Жастин Гэтжини "үч бурчтук" муунтуу ыкмасына салып утканы "жылдын сабмишени" болду. 
Ал эми Хоакин Баклинин атаандашын чимирилип сулата тепкенин сурамжылоого катышкандар "мыкты нокаут" деп табышкан. 
Жеңил салмактын алдыңкы бештигиндеги мушкерлер Жастин Гэтжи менен Тони Фергюсондун кармашы "жылдын беттеши" наамына ээ болду. 
Ушул эле беттеш сурамжылоонун катышуучулары тарабынан "Жылдын апсети" деп табылган.