Макгрегордун Нурмагомедов менен кармашканга чейинки жана андан кийинки видеосу

YouTube каналына Конор Макгрегордун даярдануучу жайындагы Хабиб Нурмагомедов менен беттешине чейинки жана андан кийинки көрүнүштөр тартылган видео жарыяланды.
Sputnik
Роликте Макгрегор таймаш алдында оң колдоп урулган соккудан коргонууга машыгып жатканын көрүүгө болот. Ага карабай Нурмагомедов анын ээк тушуна дал ошондой сокку уруп, нокдаунга түшүргөн.
Курду тээп ийген Хабиб, сый көрсөткөн Конор. 2020-жылдагы тиктешүүлөр видеодо
UFC 229 турнири 2018-жылдын 6-октябрында АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашы Конор Макгрегорду беттештин төртүнчү раундунда муунтуу ыкмасы менен багындырып, промоушендин жеңил салмактагы чемпиону наамын ийгиликтүү коргогон.