Бишкек: Ленин райондук милициясынын тергөөчүсү кармалды

Азырынча окуянын чоо-жайы айтылган жок. Шаардык милиция бөлүмүнүн биринин кызматкери акча талап кылгандыгы тууралуу маалымат түштү.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Борбор калаада Ленин райондук милициясынын тергөөчүсү кармалгандыгын Шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматта аны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Бишкек милициясынын ички иликтөөлөр бөлүмү менен биргеликте колго түшүргөнү кабарланды.
Кенже лейтенант, шаардык милициянын тергөө кызматынын тергөөчүсү 20 миң сом пара талап кылган деп айтылууда. Милиция азырынча башка маалымат бере элек.