БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Чолпон-Атада грек-рим күрөшүнүн балбандары мелдештерге даярданып жатканын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, спортчулар жакынкы аралыкта Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык турнирлерге катышат.
Атлеттер Көлдө 30-январга чейин болору айтылды.
Машыгууга жалпысынан 31 спортчу чакырылган. Алардын арасында белгилүү спортчулардан Жоламан Шаршенбеков, Калы Сулайманов, Руслан Царев, Акжол Махмудов, Атабек Азисбеков, Үзүр Жусупбеков, Мурат Рахмонов бар.
Аларды Азат Эркимбаев менен Улукбек Карачолоков машыктырса, Бактыгүл Алишева ден соолугун көзөмөлдөйт.