Кениядан коронавирустун 16 түрү табылды. Эксперттер тынчсызданууда

Кенияда бул күндөрү коронавирустун мутацияланган 20га жакын түрү айланып жүрүшү мүмкүндүгү, алардын төртөө пандемиянын башында, март айында табылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кениянын медициналык илим-изилдөө институтунан аталган өлкөдө июндан октябрга чейин коронавирустун 16 түрү тарады деген бүтүмгө келишкендигин айтып беришкен. Бул туурасында РИА Новости жергиликтүү басылмага таянып жазды.
Ар кыл вирустардын тарашы боюнча шектенүү эң кеминде сегиз округда жашаган 200 кишинин анализдерин алып изилдей келгенде чыккан.
Маалыматта өлкөдө коронавирустун мутацияланган 20га жакын түрү айланып жүрүшү мүмкүндүгү, алардын төртөө пандемиянын башында, март айында табылганы айтылат.
COVID-19дун жаңы штаммы балага жукканын кантип билсе болот. Белгилер
Окумуштуулар Кенияда табылган инфекциялык вирустар "британиялык" жана "түштүк африкалык" штаммдардан кескин айырмаланарын айтып беришкен. Бирок Кенияда табылган түрү саламаттык сактоо тармагындагы эксперттерди бир топ тынчсыздандырууда.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аймактын өкүлү Кенияда COVID-19 жуккан адамдардын саны 98 миңден ашкандыгын, инфекциядан 1 700дөн ашык бейтап көз жумгандыгын айтты.