Жаштар станциясынын турмушу: Антарктиданын эски жана жаңы азгырыгы

Кечинде кино көрүп, бышырылган колбаса менен сыраны эңсечүбүз. Бир үйдөн экинчи үйгө алардын ортосуна тартып койгон арканды кармап отуруп жетчүбүз, болбосо шамал учуруп кетиши оңой эле.
Sputnik
Көзгө урунган негизги нерсе — айсберг болчу. Жаныбарлардан пингвин эле жүрчү. 1963-жылы 14-январда жаштардын аталган илим-изилдөө станциясы ишин баштаган. 53 жыл мурда, дал ушул күнү, бүгүн. Бул датадан улам Sputnik радиосу атайын материал даярдаган. 
Бул Антарктидага жайгашып жаткан төртүнчү топ эле. "Молодежка" бир топко чейин жергиликтүү борбор катары таанылып жүрдү. Себеби өзүнүн аэропорту, 70 үйү, ат коюлган көчөлөрү, электростанция менен радио түйүн бар болчу. Баса, мрамор төшөлгөн мончо да курулган.

Коркунучтуу кар тозоң

Советтик "Молодежная" Антарктиканын мыкты илимий борбору катары даңазалуу болчу. Станцияда муз карталар түзүлүп, карды ченеп, тартып алып турушкан, түндүк жаркырагын изилдешип, метеобайкоо жүргүзүшкөн. Баса, дүйнөдө биринчилерден болуп 1979-жылы атмосфераны метеорологиялык лазер менен изилдеп башташкан.
Аталган станцияда жаш адистер көп барган маалда адамдардын саны 1000ге чукулдеп кетсе, кышында 100-150 чакты адам каларын Россиянын ардактуу уюлчусу Виктор Боярский айтып берди.
"Андай станцияларда иш адатта антарктика сезонунда, ноябрдан февралга чейин уланат. Андан кийин кыштап чыгасың. "Сезонду" кошкондо 14-15 ай, бул стандарттык программа. Кээ бир учурларда эки жыл катары менен калып иштегендер болгон. Бирок ага кабылбаганга аракет кылышчу. Кыш – июнь, июль жана август: Антарктидадагы эң кыйын учурлар. Ууюлдук түндөрдөн деле эмес, ал көпкө созулбайт, башкы себеп — дайыма этек-жеңди үзгөн шамал улуп турчу. Бул кишиге көп жага барбейт. Ал эми борошо ушунчалык күчтүү болгондуктан, бир топ жерге учуруп кетиш бат эле болчу".
Боярский айткандай аталган уюлда иштегендер аларды курсагы тойбогону үчүн бышырылган колбаса менен сыраны эңсечү эмес. Колбаса ышталып суукта узакка сактаганга ылайыкталган. Ал эми сыраны 10 күндө болгону бирден банка иче алчусуң. А негизи Антарктикада буга тыюу салынган: ал жакта ичкен кооптуу эле. 
Антарктика

Ар нерсени ойлой бербеш керек!

Антарктидада жылдап жүрө берүү ден соолукка зыян. Медиктер эгерде адам антарктика муздары каптаган аймакта беш жыл жашаса, организмдеги коргоочу күчтөр толугу менен жок болуп кетерин айтышат. Дагы бир тобокелчилик — психологиялык кыйынчылык. Адам бир нече айлап бир эле пейзажды көрө берип, коркуу сезими жок калат. Бул — өмүргө жаралган кооптуулук. Виктор Боярский буга толук макул эмес.
"Монотондуу пейзаж — адабий түшүнүк. Адамдар ээн жерде жашабайт да! Үйлөр ыңгайлуу, эң мыкты шарттар түзүлгөн: адатта жалгыз турушат. Кааласа, гүл, жашылча эгип алсын. Ашканадан күнүнө үч ирет көрүшүп турушат. Байкалбаганы менен ар түрдүү нерселер көп", — дейт ал.
Боярский бул аймакта көп болуу адамдын психологиясына таасирин тийгизиши мүмкүн дегенге кошулду. Азыркы курулуштар эскилерден айырмаланып баары бир жерде. Ал эми мурда үй, жумуш, тамактанган жай, тиричилик жайлары ар кайсы жерлерде жайгашкан болчу. Азыр көчөгө чыкпай деле койсо болот. Бул коопсуздук үчүн жакшы. Бирок үйдө камалып жата бергенде пайда болгон жагымсыз сезимди күчөтөт. Башкысы, бул тууралуу ойлонбош керек.
Автор Ольга Бугрова, Sputnik радиосу