Бир саат да отура албайт! Адвокат Атамбаевдин грыжасы чыдатпай жатканын айтты

Мурдагы президенттин адвокаттары аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин омурткасынын эки жеринен грыжа аныкталды. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү каралмак. Бирок ишке тиешелүү адамдардын жоктугунан сот 28-январга жылдырылган.
"Эми 28-январда Алмазбек Атамбаев сотко катыша алат деп кепилдик бере албайм. Анын омурткасынын эки жеринде грыжасы бар. Кечээ жолугуп чыктым, сотто эки-үч саат эмес, мени менен бир саат сүйлөшүп отурууга чыдай албай жатат. Учурдагы эң эле курч оорусу грыжасы болууда. Андан сырткары, жүрөгүндө көйгөй бар, кан басымы төмөн", — деди Жоошев.
Ошондой эле ал мурдагы президентти жакшылап текшерүү үчүн башка ооруканаларга жаткыруу керектигин белгиледи.
Алмазбек Атамбаев кимге добуш бергенин адвокаты айтты
Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча айыпталып, он бир жыл эки айга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди өткөн жылдын июнь айында Биринчи май райондук соту кабыл алып, августта Бишкек шаардык соту аны күчүндө калтырган.
Ал эми Жогорку сот 30-ноябрда өкүмдү жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароо үчүн кайра райондук сотко жиберген.