Сот Атамбаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчүн кароону кийинкиге жылдырды

Мурдагы президенттин адвокаттары аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын кароону кийинкиге жылдырды.
Мурдагы президенттин адвокаттары аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.
Атамбаевдин сотунда тарапташтары митинг уюштурду. Видео, сүрөттөр
Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, судья кылмыш ишке тиешеси бар башка адамдар сот залына келбегенине байланыштуу баш коргоо чарасын кароодон баш тарткан. Сот отуруму 28-январь саат 14:00гө жылдырылды.
Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча айыпталып, он бир жыл эки айга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди өткөн жылдын июнь айында Биринчи май райондук соту кабыл алып, августта Бишкек шаардык соту аны күчүндө калтырган.
Ал эми Жогорку сот 30-ноябрда өкүмдү жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароо үчүн кайра райондук сотко жиберген.