UFC Макгрегор менен Нурмагомедовдун беттештерин бир күндө өткөрүүдөн баш тартты

Беттешке чыгуучу Умар Нурмагомедов жеңилбес чемпион Хабиб Нурмагомедовдун жакын тууганы болот.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Россиялык мушкер Умар Нурмагомедов менен казакстандык Сергей Морозовдун Абсолюттук мушкерлер чемпионатындагы (UFC) беттеши башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу казакстандык атлеттин командасына таянып Р-Спорт жазды.
Буга чейин беттеш 24-январда өтүүчү UFC 257 мелдешине белгиленип, кийин 20-январга жылдырылган. Мелдештер Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайда өтөт.
"Сергей Морозов менен Умар Нурмагомедовдун беттеши 20-январга жылдырылды. UFC уюмунун жетекчилиги ушундай чечти", — деп айтылат маалыматта.
UFC "Мушкерлер аралындагы" мыкты жеңиштердин видео топтомун жарыялады
Эскерте кетсек, UFC 257 мелдешинде Конор Макгрегор менен Дастин Порье кармашы каралган. Ирландиялык мушкер өз убагында Хабиб Нурмагомедов менен болгон беттешинин алдында аны менен көптөгөн келишпестиктерге барган.
UFC уюмунун январь айындагы мелдешине беттешке чыгуучу Умар Нурмагомедов жеңилбес чемпион Хабиб Нурмагомедовдун жакын тууганы болот.