Студенттер окуу акысын азайтууну суранууда. Министрлик эмне деп жооп берди

Жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттери аралыктан билим алып жаткандыктан, окуу акысын азайтуу маселесин көтөрүп чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Окуу процесси аралыктан жүргөнү менен ЖОЖдордо чыгымдар азайган жок. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйын учурунда билдирди.
Ал жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттери аралыктан билим алып жаткандыктан, окуу акысын азайтуу маселесин көтөрүп чыгышканын айтып, бирок акыны азайтууга болбой турганын белгиледи. Өмүров алардын себептерин тизмектеп берди:
Министрликтеги бюджеттик саясат жана финансылык башкармалыктын башчысы Акыйкат Баймуратованын айтымында, былтыркы жылдын июль айында ЖОЖдорго пландык каражаттын үчтөн бири (1,4 миллиард сом) түшкөн эмес. Мындан улам окуу жайлардагы мурдагы каражаттын калган бөлүгүн чогултуп, иштегендердин айлык жана эмгек өргүүсү төлөнүп берилген.
Андан кийин маалымат жыйында Медициналык академиянын өкүлү сүйлөп, алардын окуу жай каражатты аралыктан окутууну уюштурууга сарптаганын билдирген.