Кыргызстанда былтыр канча азык-түлүк өндүрүлдү. Сандар

Өткөн жылы сүт азыктары боюнча жакшы көрсөткүч болуп, өлкөнүн ички керектөөсүнөн 443 миң тоннага көп өндүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев былтыр өлкөдө канча айыл чарба продукциясы өндүрүлгөнү тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, сүт азыктары боюнча жакшы көрсөткүч болуп, өлкөнүн ички керектөөсүнөн 443 миң тоннага көп өндүрүлгөн. Ошол эле учурда керектөөнү толтуруу үчүн эттин 14,7 пайызы, кумшекердин 32,8 пайызы, суу майдын 70 пайызы, мөмө-жемиштин 29,1 пайызы сырттан алып келинген.
Былтыр Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүктөр:
Соңунда Токтогазиев быйыл өлкөнүн тамак-аш коопсуздугун ички булактардан камсыздоо маселеси колго алынарын кошумчалады.