COVID бир суткада бир бейтаптын өмүрүн алып, 92 адамга жукту

Өткөн суткада инфекцияны жуктуруп алгандар Бишкекте көп катталды. Республика боюнча ооруга чалдыккандарга караганда айыгып чыккандар арбын болду.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 92 адамдан табылып, андан сырткары, Бишкектеги ооруканада дарыланып жаткан бир бейтап каза тапты. Бул туурасында Республикалык штабдан маалымдашты.
Ал эми 177 адам оору менен алышып, COVID-19 инфекциясынан айыгып кетти. Учурда дарыгерлер карап жаткан бейтаптардын ичинен 44 адамдын абалы өтө оор экени маалым болду.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери жалпысынан 82 587 адамга жуккандыгы айтылды.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Республикалык штаб COVID-19дан айыгып кеткендердин жалпы саны 78 358 деп билдирди.
Стационарда учурда 810 бейтап дарыланууда:
Амбулатордук дарыланууда 1 113 бейтап бар.