Октябрь окуяларынан кийин КРден сыртка канча акча чыкты. Расмий маалымат

Улуттук банк өткөн жылы 11 ай ичинде сыртка акча которуулардын көлөмү канча болгонун айтып, аны 2019-жылдагы көрсөткүчтөр менен салыштырды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандан сыртка акча которуунун көлөмү 440 миллион 540 миң долларды түзгөндүгүн Улуттук банк билдирет.
Кеп жеке жактардын акча которуу тутумдары аркылуу жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө болуп жатат.
2019-жылы сыртка акча каражатын чыгаруу 493,4 миллион долларды түзгөн.
Былтыр 11 айда мигранттар 2,1 млрд. доллардан ашык акча которду
Эгер былтыркы жылдын октябрь-ноябрь айларынын жыйынтыгын алсак, акча которуунун көлөмү 87 миллион долларга жеткен. Бул 2019-жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу 23,3 миллион долларга аз.
Эске салсак, 5-6-октябрдагы саясий окуялардан кийин Кыргызстандагы банктар эл аралык SWIFT системасы боюнча акча которууну бир нече күнгө токтотуп коюшкан.