Автомат такап, баса калып... Спецназ кримтөбөл "Алтуханы" кармаган видео

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, "Алтуха" каймана аты менен таанымал Алтынбек Ибраимов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Sputnik
Ибраимов УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда анын тийиштиги бар делген фактылар боюнча ыкчам тергөө иштери аткарылып жатат.
Эки күн мурда кримавторитетти профилактикалык баарлашууга ИИМ чакырган болчу. Ага коомдук тартипти сактабай, мыйзам бузса жоопко тартылары эскертилген.