УКМКга чакыртылган Курсан Асановдун жубайынын абалы начарлап кетти

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, Үсөнакунова чет элдик жаранды беш миллион долларга алдап кеткен деп айыпталып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. – Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова УКМКнын имаратында абалы начарлап кетти. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Буга чейин маалымдалгандай, Үсөнканова алдамчылыкка шектелип жатат. Ал 2017-2018-жылдары чет өлкөлүк жарандан чогуу бизнес кылабыз деп 5 миллион доллар алып кайтарбай койгону айтылууда.
"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКга бир нече жолу чакырылган Үсөнканова 11-январь күнү келген. Тергөө амалдары башталганга чейин эле УКМКнын имаратында отурган кезде Үсөнканованын абалы начарлап кеткен. Натыйжада УКМКнын аскер-медициналык кызматынын дарыгерлери чакыртылган", — деп айтылат маалыматта.
Ведомствонун дарыгерлери Үсөнкановага "Нур" диагностика борборунан кароодон өтүүнү сунуштап, ошол жакка жеткиришкен. Ал жактан стационардык дарылануу сунушталган. Натыйжада Үсөнканова Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылган.
Эске салсак, Үсөнканованын адвокаты айыптоолорду четке кагууда.