COVID жуктурган медиктер 75 миң, көз жумгандардын жакындары 2,8 млн. сомдон алышат

Буга чейин коронавирус жуктурган медикке 200 миң сом, ал эми каза болгон медицина кызматкеринин жакындарына 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнчү.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Коронавирус жуктурган медиктер эми 75 миң сомдон, ал эми оорудан көз жумган ак халатчандардын жакындары 2 миллион 800 миң сомдон компенсация ала башташат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди.
Коронавирус медицина каймактарын терип кетти. Кайтыш болгон ак халатчандар
2020-жылдын 29-июнунда президент өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда иштеген медиктердин компенсациясы боюнча өзгөртүлгөн мыйзамга кол койгон.
"Аталган мыйзамга ылайык, кызыл зонада иштеп жүрүп оору жуктуруп алган медицина кызматкерлери 75 миң сомдон, ал эми каза болгон медиктин жакындары 2 миллион 800 миң сом алышат", — деди Жумакеев.
Адис өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, компенсация 2021-жылдын 1-январынан тарта төлөнүп баштаарын кошумчалады.
Республикалык штабдын 8-декабрга карата берилген маалыматына ылайык, 30 медиктин жакындарына 1 миллион сомдон, ал эми 608 медикке 200 миң сомдон компенсация төлөнгөн.