БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Америкадагы Цинциннати балдар ооруканасында медицина илимдеринин доктору Жошуа Шаффцин коронавирус менен ооруп жаткан адам колдонууга болбой турган дары-дармектерди атады. Бул тууралуу Yahoo life порталына таянып, РИА Новости кабарлады.
Медик суу ичүүнү уланта берүүнү айтып, табигый процесске тоскоолдук жаратпоо керектигине токтолгон.
Коронавирус учурунда колдонбой турчу дагы бир препарат — бул ингаляторлор.
Шаффцин эгерде бейтаптын астмасы жок болсо, аларды колдонуп кереги жок экенин айткан. Себеби ингаляторлор организмге жардам бербей эле жүрөккө терс таасирин тийгизет. Дарыгер курамында фенилафрин кошулган дарынын баары жүрөккө зыян экенин эскерткен.