АКШда бийликтин алмашуусу Донбасстагы абалды жөнгө салууга таасир этеби

Козак бийликке келген Жо Байден вице-президент кезинде Вашингтондун тышкы саясатында Украина маселесин көзөмөлдөп келгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. АКШдагы бийликтин алмашуусу Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу процессине таасир этер-этпесин божомолдоо кыйын, бирок бир нерсе өзгөрүшү керек. Мындай пикирин РФ президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак "норманд төрттүгүнүн" жолугушуусунан кийин суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Тоолуу Карабах: Путин, Алиев жана Пашиняндын сүйлөшүүсү дээрлик 4 саатка созулду
АКШ бийлигине Жо Байдендин келиши төрттүктүн ишине кандай таасир этери тууралуу суроого жооп берген Козак негизинен өзгөрүү болушу керектигин билдирди.
"Бир нерсе өзгөрсө керек. Бирок божомолдоо... АКШ өз алдынчалуу эгемен мамлекет, тышкы саясатынын багытын да өзү аныктайт", — деди Козак.
РФ президентинин администрация жетекчисинин орун басары бийликке келген Жо Байден вице-президент кезинде Вашингтондун тышкы саясатында Украина маселесин көзөмөлдөп келгенин белгиледи.