Бир айда 20 миң адам паспорт алып, жарымы улутун көрсөттүрдү

Өткөн жылдын 15-декабрынан баштап негизги жарандык документке "улуту" деген графа кайрадан киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бир айдын ичинде Кыргызстанда 20 миңге жакын жаран ID-паспорт алып, алардын жарымы улутун көрсөтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Күлкү болгон биометрикалык паспорттор апрель айында бериле баштайт
Маалыматка ылайык, бир айдын аралыгында өлкөдө 19 451 улуттук паспорт даярдалган. Анын ичинен 10 153ү улутун көрсөттүрсө, калганы коштурууну каалаган эмес.
"Улуту" деген графа жарандын өз каалоосу менен ID-паспортто көрсөтүлөт. Аны кошуудан баш тартып, 2017-жылдагы үлгүдөгү документти да алса болот.