БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп Жо Байдендин инаугурациясы алдында Вашингтон шаарына өзгөчө кырдаал режимин киргизип койду. Бул тууралуу Ак үйдүн билдирүүсүнө таянып Reuters жазды.
11-январь күнү кечинде Трамп "Байдендин ант берүүсү алдында шаар коопсуз болсун" деп өзгөчө кырдаал жарыялап, федералдык жардам жибергенин жар салды.
Маалыматка караганда, өзгөчө кырдаал режими 11инен 24-январга чейин созулмакчы. Ал эми жаңы шайланган президент 20-январь күнү ант берип, кызматына расмий түрдө киришет.
Өткөн жумада Дональд Трампты колдоо үчүн Вашингтонго чогулган тарапташтары шайлоонун жыйынтыгын бекитүү үчүн чогулган сенаттын жыйынын үзгүлтүккө учуратып, Капитолийди басып киришкен. Тартип сакчылары көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу граната колдонууга аргасыз болгон. Башаламандык учурунда 4 адам каза тапкан.
Мындан улам республикачылар кырдаалды ички терроризм деп атап, Трампты бийликтен четтетүүнү сунушташкан.