БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович президенттик шайлоодо эң көп добуш алган Садыр Жапаровду куттуктады. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматынан кабарлашты.
“Сиздин ишенимдүү жеңишиңиз өлкөдө кадыр-баркыңыз бар экенин жана элдин ишеними күчтүү экенин айгинелейт. Андыктан сиз Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөрдүн кызматтташтыгына жаңы дем бересиз деп ишенем”, — деди Мясникович.
Мындан тышкары, ал Садыр Жапаровго бекем ден соолук, ал эми кыргыз элине өнүгүп-өсүүнү каалады.