Балача кубанып, ат үстүнөн көз салып. Рыспай Абдыкадыровдун эл көрө элек 17 сүрөтү

Sputnik

Абдыкадыров 300дөн ашык обон менен музыкалык чыгармалардын автору. Анын ырлары өзүнүн көзү өтүп кеткенден кийин экинчи өмүргө ээ болду. Азыр Кыргызстандын булуң-бурчунда кыягын кучактап, "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде" сыяктуу бир топ ырларын аткарып жүргөн таланттар арбын.

Обончу эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрынан баштап, кийин Жалал-Абад, Өзгөн элдик театрларында эмгектенген. Андан соң борбор калаадагы филармонияда иштеп, Ош шаарындагы маданият үйүн дагы жетектеп калган. 1970-жылдардан баштап өмүрүнүн аягына чейин Ош мамлекеттик институтунда мугалимдикти аркалады. Бул убакыт аралыгында ал көп жаштарга жол көрсөтүп, устат болгон. Шакирттеринин арасында Токон Эшпаев, Жолдошбек Мамажанов, Исмаил Бакиров, Абидин Темиров жана КРдин Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов өңдүү белгилүү аткаруучулар бар. Азыр дагы кыргыз музыка өнөрүнүн айдыңында жүргөндөр аны устат тутарын айтып келишет.

Атасынын сөөгү табылбай калган. Рыспай Абдыкадыров жөнүндө 6 факты
Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы согуштан кийинки жылдарга туш келип, апасынын колунда өскөн. Анткени атасы советтик бийлик тарабынан репрессияланып, кийин сөөгү да табылбай калган. Жаш талант кичине кезинде эле аккордеон чертип элдин эрмеги эле. Элеттеги мектептен билим алган соң Ош педагогикалык окуу жайына тапшырып, аны 1963-жылы аяктаган.

Өзүнүн чыгармачылыгында Абдыкадыров ошол кездеги бийлик тарабынан бут тосууларга дуушар болуп, бир нече жыл сахнага чыга албай, жумуштан да айдалып кеткен. Бирок ага карабай эл арасындагы кадыр-баркы өзгөчө эле. Аймактарда жүргөндө аны жергиликтүү тургундар кезекке туруп сыйлашчу деп эскерет замандаштары. Композитор партиялык бийликти, колхоз-совхозду мактаган бир да чыгарма жазган эмес. Анын обондорунун басымдуу бөлүгү сүйүү, махабат, арзуу жөнүндө болгон.

1 / 17
Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген
2 / 17
Оңдон биринчи Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков, ал эми үчүнчү болуп турган Рыспай Абдыкадыров
3 / 17
Азыр Кыргызстандын булуң-бурчунда кыягын кучактап, Рыспай Абдыкадыровдун "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде" сыяктуу бир топ ырларын аткарып жүргөн таланттар арбын
4 / 17
Солдон оңго: обончу Калыйбек Тагаев, Рыспай Абдыкадыровдун жубайы Давлет Сманова жана обончунун өзү
5 / 17
Суу боюндагы бир ирмем. Рыспай Абдыкадыров кызы менен
6 / 17
Күлгүн курак. Бул адамдын чыгармаларын билбеген кыргыз баласы жоктур
7 / 17
Таланттуу эки обончу. Түгөлбай Казаков жана Рыспай Абдыкадыров
8 / 17
Сулайман-Тоо жана тоодой талант Рыспай Абдыкадыров
9 / 17
Жакындары Рыспай Абдыкадыровдун баладай баёо жана ишенчээк адам болгондугун айтышат
10 / 17
Үч талант. Музыка адамдары. Обончулар Атайбек Бөдөшов менен Рыспай Абдыкадыров, композитор Каныкей Эралиева
11 / 17
Таза, ашыкча ишенчээк, өтө сезимтал... Рыспай Абдыкадыровду жакындан билгендер ушинтип сыпатташат
12 / 17
Бул үч адам өзгөчө жакын, өзгөчө сырдаш болгон. Оңдон биринчи – досу, Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгын изилдеп келген журналист Бөкөнбай Боркеев, экинчи турган – обончунун жубайы Давлет, үчүнчүсү биз сөз кылып жаткан Абдыкадыров
13 / 17
Ат үстүндө алыска көз салып...
14 / 17
Рыспай Абдыкадыров акын Сооронбай Жусуевдин "Айтсаң боло", "Ак кайың" аттуу ырларына обон чыгарган
15 / 17
Рыспай Абдыкадыров 50 жашта (1991-жыл). Кара-Кулжа районунда обончунун юбилейине арналган иш-чарадан бир ирмем
16 / 17
Оңдон солго: акындар Сүйөркул Тургунбаев, Рамис Рыскулов, Меңди Мамазаирова, ортодо бактын фонунда Рыспай Абдыкадыров, публицист Алым Токтомушев менен журналист Бөкөнбай Боркеев
17 / 17
Рыспай Абдыкадыров 53 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган. Сөөгү өзүнүн керээзи менен Сулайман-Тоого коюлган.