"5-каналга" директор болуп Рахат Сулайманов дайындалды

Мамлекеттик мүлк фондуна караган "5-каналга" жаңы жетекчи келди. Мурдагы жетекчи Эрнис Кыязов кызматтан алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. "5-каналга" башкы директор болуп Рахат Сулайманов дайындалды. Маалыматты өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фонду тастыктады.
Сулайманов буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынын жетекчиси болчу.
"5-каналды" 2018-жылдын май айынан бери Эрнис Кыязов жетектеп келген.