Жыт сезбей калуу Паркинсон оорусунун да белгиси болушу мүмкүндүгү айтылды

Паркинсон илдети айыккыс дарт. Дарыгерлер бейтаптын оорусунун күчөшүн жайлатканга гана жардам бере алат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Окумуштуулар жыт билбей калуу Паркинсон оорусунун баштапкы белгиси болушу мүмкүндүгүн аныктаганын Express басылмасы жазды.
Эт жей албай... Коронавирустан айыккандар дарттын өзгөчө белгилерин аташты
Изилдөө көрсөткөндөй, Паркинсон дартына кабылгандардын 90 пайызы жытты жакшы сезбейт.
Учурда аталган илдет айыккыс болуп эсептелет. Дарыгерлер бейтаптын оорусунун күчөшүн жайлатууга гана жардам берип келишет.
Буга чейин дарыгер адам жытты коронавируска кабылганда, мурун көңдөйүнө суук тийгизгенде, курч же өнөкөт ринитте жана башка дем алуу органдарынын ооруларында сезбей каларын айткан.