Өзгөн: клиникадагы өрт. Бир адам ооруканага түшүп, 11 кишини алып чыгышты

Тилсиз жоо каптаган клиникадан 11 адамды эвакуациялашкан. Өрт төрт саатка жакын убакыттан кийин толук өчүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн шаарындагы жеке менчик клиниканын имараты өрттөнүп, бир киши жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабаралашты.
Тилсиз жоо аталган имаратта болжол менен кечки саат алтыларда башталган.
"Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан менчик клиниканын имаратынан чыккан өрттүн кесепетинен 75 жаштагы киши күйүк алып ооруканага жаткырылган, абалы туруктуу. Мындан сырткары, өрт чыккан жерден 11 адам эвакуацияланган", — деп айтылган маалыматта.
Өрттү өчүрүүгө үч бригада тартылган. ӨКМ кызматкерлери тилсиз жоо менен төрт саатка жакын күрөшкөн.