БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Монголияда күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө катталып, ал Россиянын Иркутск облусунда да сезилген. Бул тууралуу аталган аймактын ӨКМ башкы башкармалыгынын сайтында жазылды.
Жер силкинүүнүн очогу Монголиядагы Түрк деп аталган калк жашаган аймактан 34 чакырым алыс жерде болгону кабарланды. Очогунда жердин термелүү күчү 8,7 баллга жеткен.
Иркутск облусунда жер титирөөнүн күчү 4-5 баллга чейин жеткен. Аталган аймакта кыйроолор жана жабыркагандар жок экени айтылды.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Монголияда жер силкинүү төрт жолу: саат 06:02де, 06:44тө, 07:02де, 07:13тө кайталанган. Ал эми Иркусткиде саат 07:34тө кайталанган.