Мугалимдер үчүн жакшы кабар! Министрлик кагаз иштерин кыскартты

2021-жылдын башынан тарта жалпы билим берүүчү мекемелеринде мугалимдер тарабынан толтурулчу бир катар документтер кыскартылды. Мугалимдер мурда убактысынын көбү кагаз жазууга кетерин айтып келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Мектеп мугалимдеринин кагаз иштери кыскартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Окутуучулардын кагаз иштерине байланышкан милдеттерин жеңилдетүүчү буйрукка 2020-жылдын 28-декабрында кол коюлган.
Төмөнкү документтерди толтуруу милдеттүү эмес деп табылды:
"Педагогдордун кайрылууларынан улам документтердин санын кыскартуу зарылчылыгы пайда болду. Мугалимдер убактысынын көпчүлүгү ар түрдүү отчётторду, документтерди толтурууга кетип жатканын айтып келишкен. Мындан улам мугалимдердин жеке профессионалдык өсүүсүнө, балдар менен иштөөгө убактысы болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин министр Алмазбек Бейшеналиев Facebook аркылуу түз эфир учурунда колдонуучулардын суроолоруна жооп берип жатып мугалимдердин кагаз иштерин азайтуу үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн айткан.