КРде медициналык мекемелерди кайра түзүү боюнча реформа башталды

Аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, аймактык ооруканалар, стоматологиялык клиникалар сыяктуу медициналык мекемелер бириктирилип, кайрадан түзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча иш баштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Бул аракеттер 2019-2023-жылдарга пландалган "Дени сак адам — өнүккөн өлкө" программасынын алкагында ишке ашканы турат.
Оптималдаштыруунун алкагында аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, аймактык ооруканалар, стоматологиялык клиникалар сыяктуу медициналык мекемелер бириктирилип, кайрадан түзүлөт.
"Анализ жүргүзүп көрсөк, көпчүлүк медициналык мекемелер бир аймакта жайгашат экен. Ошол эле учурда көпчүлүгү бири-биринин функциясын кайталайт, лабораториялык жана диагностикалык жабдуулар толук кандуу пайдаланылбайт. Аткарыла турган иш-чаралар жарандарга бир эле жерден ооруну алдын алуу, аныктоо жана дарылоо боюнча бардык кызматтарды колдонууга шарт түзөт", — деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Ал, ошондой эле, финансылык, кадрдык, материалдык ресурстарды үнөмдүү колдонууга мүмкүнчүлүк пайда болорун айтты. Мындан тышкары, министр мындай өзгөрүүлөр бир дагы медикти ишсиз калтырбай турганын кошумчалады.