Коронавирус бир суткада 115 адамдан табылып, үч адам акка моюн сунду

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 82 495ке жетти. Анын ичинен 78 181и айыкса, тилекке каршы, 1 374 адам ажал тапты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 115 адамдан табылып, 178 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдады.
Жуктургандар:
Айыккандар:
Кечээтен бери Бишкекте эки, Ысык-Көлдө бир бейтап коронавирустун курмандыгы болгон.
Россиянын "Спутник V" вакцинасын 1,5 миллиондон ашык киши алды
Азыркы тапта ооруканаларда 808 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 242 бейтаптын абалы оор болсо, 49унун абалы өтө оор деп бааланууда.
Бир суткада өлкө боюнча эки медиктен коронавирус табылган. Анын бирөө Жалал-Абаддан болсо, экинчиси Ысык-Көл облусунда.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 82 495ке жетти. Анын ичинен 78 181и айыкса, тилекке каршы, 1 374 адам акка моюн сунду.