Караколдо телеканалда иштеген аял каза таап, сөөгү өз үйүнөн табылды

Укук коргоо органдары аял өз өмүрүнө кол салган деп болжолдоп жатат. Экспертиза дайындалып, өлүмдүн бардык жагдайлары аныкталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Каракол шаарында облустук телеканалда иштеген аял каза таап, сөөгү өз үйүнөн табылды. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл облустук ИИБи тастыктады.
Экс-министр Шайлообек Ниязов каза болду
Милиция көз жумган аял өз өмүрүнө кол салган деп болжолдоп жатат. Экспертиза дайындалып, өлүмдүн бардык жагдайлары аныкталууда.
ИИБ телеканалдын кызматкери үч баланы тарбиялап келгенин кошумчалады.