Финполдун жооптуу кызматкери мыйзамсыз байыган деп шектелүүдө

Шектүү чиновниктин мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерин адалдоо фактысын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы (ККК) өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
"Мекеменин Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын Т.А.Р. аттуу башчысына карата мыйзамсыз материалдык баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иш ачылды. Шектүүнүн мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерин адалдоо фактысын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат", — деп белгиленет билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, 2014-2020-жылдар аралыгында Финансы полициясынын өкүлү Т.А.Р. көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгону, ал мүлктөр анын жакын туугандарына көмүскө түрдө катталганы айтылат.