Боронов сурактан чыгып, Финпол эмнеге чакырганын айтып берди

Экс-премьер Боронов анын маалыматтары керектүү болуп, мындан ары суракка чакырылбастыгына ишеним артты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Өкмөттүн мурунку башчысы Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын сурагынан чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Бороновдун айтымында, Финпол аны кылмыш иштеринин бири боюнча күбө катары чакырып, коронавирус пандемиясы башталгандан кийинки өкмөттүн иши тууралуу бир катар тактоочу суроолорду узаткан. Ал суракта саат 11.00дөн баштап болгонун билдирди.
"Өлкөгө келген гуманитардык жардамдар тууралуу суроо болду. Маалыматтарды ачыктабоо боюнча тил кат жазып бергендиктен тагыраак айта албайм", — деди экс-премьер.
Жапыкеев: пандемияда иштеген аткаминерлердин баары сурак берип, көбү камалат
Боронов анын маалыматтары керектүү болуп чыгып, мындан ары суракка чакырылбастыгына ишеним артты.
Экс-премьер коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсептин тагдыры боюнча суроого жооп берип жатып каражат максаттуу колдонулганын тастыктаган документтер бар экенине токтолду.
Өкмөттү жетектөөгө 2020-жылдын жаз айында келген Боронов пандемияга чейин биринчи вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан соң отставкага кеткен болчу. Андан кийин коронавирус менен ооруп айыкканы айтылган.