Бишкек: бала бакчаларды ачуу кайсы күнгө пландалып жатканы айтылды

Борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев бөбөктөргө оору эң көп жуккан учур ноябрга туура келгендигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкекте муниципалдык бала бакчаларды ачуу 1-февралга пландалууда. Бул туурасында Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отурумунда вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.
Отурумга төрагалык кылып жаткан депутат Казыбек Эргешов 20-январдан тарта бала бакчаларды ачуу пландалып жатабы деген суроо берген.
"Жок, бала бакчаларды ачуу маселесин балдар боюнча түзүлгөн абалга карайбыз. Эгерде эпидемиялык кырдаал начарлап кетпесе, анда 1-февралда ачабыз", — деди Чыныбаева.
Борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев отурумдун катышуучуларына маалымат берип жатып, Бишкекте 14 жашка чейинки 25 бала коронавирус менен ооругандыгын айтты. Анын билдиргенине караганда, бөбөктөргө оору эң көп жуккан учур ноябрга туура келген.