БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. АКШ жаңы шайланган президент Жо Байдендин 20-январда өтө турчу инаугурациясына Россияны расмий түрдө чакырды. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын Вашингтондогу элчилигинен кабарлашкан.
"Чакыруу алдык. Инаугурацияга элчинин катышуусу ыктымал", — дешкен дипмиссиянын өкүлдөрү.
Негизи президенттин инаугурациясына чет өлкөлүк элчилер катышчу. Бирок башында иш-чара тар чөйрөдө өтөрү айтылып, салтанатка конгресстин мүчөлөрү жана алардын коноктору эле чакырылганы маалым болгон. Мындан улам дипломаттарга орун табылар-табылбасы белгисиз болуп жаткан.
Эске салсак, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында демократ Жо Байден шайлоочулардын 306 добушун алып жеңишке жеткен. Ал эми анын атаандашы АКШнын учурдагы башчысы Дональд Трамп 232 добуш алган.