Былтыр 11 айда мигранттар 2,1 млрд. доллардан ашык акча которду

Өткөн жылдын башында мигранттар Кыргызстанга акча которууда бир топ кыйынчылыкка туш болгон. Кырдаал кийин өзгөрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын январь айынан ноябрга чейин мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 160 миллион 110 миң доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат.
Ал эми 2019-жылдын ушул мезгилине 2 миллиард 191 миллион 920 миң доллар жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын башында мигранттардын которууларынын көлөмү кыскарган. Бирок июнь айынан ноябрга чейинки мезгилде мурдагы жылга салыштырмалуу өсүү (203 миллион долларга) байкалган.