Жети-Өгүздө балык уулоого кеткен кишинин сөөгү табылды. Сүрөт

Бүгүн балык кармайм деген кишини табуу үчүн ӨКМдин 18 куткаруучусу, андан тышкары, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылында көлгө балык уулоого чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 37 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, эркек кишини куткаруучулар кечээ, 10-январда, кечке жуук издеп башташкан. Көлдөн балык кармайм деп кеткен кишини табууга алгач эки, андан кийин дагы беш куткаруучу тартылган.
Бүгүн, 11-январь күнү да, аны издөө иштерин жүргүзүү үчүн 18 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган. Эртең мененки саат 09:30да анын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.