Жалал-Абад менен Ошто жер титиреди

Жаратылыш кырсыгы 11-январь түнү катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жаратылыш кырсыгы 11-январь күнү саат 01:38де катталган.
Ушул эле маалда жер титирөө Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Орказган айылында 4 балл, Тосой, Ак-Терек, Саламалик айылдарында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.