Талант Мамытов эл аралык байкоочу миссиялардын башчылары менен жолукту

Байкоочулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткендей одоно мыйзам бузуулар катталбагандыгын, президенттик шайлоо менен референдум ачык-айкын өткөндүгүн белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 11-январда, президенттик шайлоо жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүүнүн жүрүшүнө көз салган эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Талант Мамытов шайлоо менен референдумду тынч, ачык-айкын жана акыйкат өткөрүү үчүн бардык чаралар көрүлгөнүн белгиледи.
"Үгүт кампаниясын жүргүзүүдө президенттикке ат салышкан бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлдү. Ал эми жарандардын саясий позициялары менен көз караштарын билдирүүсүнө эч кандай тоскоолдук болгон жок", — деди Мамытов.
Ал шайлоо процессине эл аралык байкоочу катары жигердүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.
1 / 2
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов президенттик шайлоо жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүүнүн жүрүшүнө көз салган эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолукту.
2 / 2
Талант Мамытов шайлоо менен референдумду тынч, ачык-айкын жана акыйкат өткөрүү үчүн бардык чаралар көрүлгөнүн белгиледи.
Ал эми эл аралык байкоочу миссияларынын өкүлдөрү Талант Мамытовду шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, шайлоо процесси жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын баса белгилешти. Шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткендей одоно мыйзам бузуулар катталбагандыгы, президенттик шайлоо менен референдум ачык-айкын өткөндүгү, ал эми добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталган учурларда жооптуу адамдар тарабынан ыкчам чаралар көрүлгөндүгү айтылды.
"Бийлик өлкөнүн мамлекеттик органдары экономикалык жана эпидемиологиялык оор кырдаалга карабастан, кыска убакыттын ичинде шайлоону жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн бир топ иштерди жасап жетишкендигин кошумчалашты", — деп айтылат маалыматта.
Эл аралык байкоочулар болуп өткөн шайлоо коомчулуктагы тынчтыктын бекемделишине өбөлгө болоруна үмүт артышты.