БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин президенттик шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылган.
Путин Жапаров Кыргызстанды башкарып турган маалда орус-кыргыз алакасынын өнүгүшүнө кеңири шарт түзүлөрүнө ишеним арткан.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич, президенттик кызматка шайланышыңыз менен чын дилден куттуктоомду кабыл алыңыз. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мааниге ээ. Россия менен Кыргызстандын ар кандай тармактагы кызматташтык жана ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУнун алкагында конструктивдүү өз ара аракеттешүү боюнча тажрыйбасы мол. Сизге ийгилик, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалайм", — деди Путин.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 10-январь күнү президенттик шайлоо жана башкаруу формасы тандалган референдум өттү.