Мугалимдер кайрадан аттестациядан өтүп, кошумча акча ала баштайт

2021-жылдын май айынан баштап кийинки окуу жылынын башталышына чейин мектеп мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациясын өткөрүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги кайрадан мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгара баштайт. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Бул үчүн 2021-жылдын май айынан баштап кийинки окуу жылынын башталышына чейин мектеп мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациясын өткөрүү пландалууда.
Аттестациялоонун максаты:
"Квалификациялык категорияларды ыйгаруу аттестациялоонун негизинде ишке ашырылат. Кийинки окуу жылынын башынан баштап квалификациялык категория үчүн ай сайын кошумча акы төлөнүп турат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мыйзамга ылайык, окутуучуларга кошумча төлөмдөр жумасына 20 саат иштегени үчүн төлөнөт:
2021-жылдын төрт айына (январь, февраль, март, апрель) мугалимдерге кошумча акы үчүн республикалык бюджеттен 99,7 миллион сом каралды.
Министрликтин маалымат кызматынан билдиргендей, соңку аттестация 2016-жылы өткөрүлүп, ошол бойдон токтоп калган.