Москвада 13-январда жарандардын жаңы тобу үчүн COVID-19га каршы эмдөө башталат

Россияда коронавируска каршы жарандык вакцинация декабрдын башында башталган. Жарандар "Спутник V" каражаты менен эмделүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 13-январдан тарта Москвада жарандардын жаңы тобу үчүн COVID-19га каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Сергей Собянин билдиргенин РИА Новости жазды.
Вакцина алуу үчүн төмөнкү багыттарда эмгектенгендер жазыла алышат:
Россияда коронавируска каршы жарандык вакцинация декабрдын башында башталган. Учурда жарандар Россиянын Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология улуттук изилдөө борбору тарабынан чыгарылган "Спутник V" вакцинасын алышууда.