Өткөн суткада COVID эки адамдын өмүрүн алып кетти. Жалпы статистика

Кыргызстанда бир нече убакыттан бери COVID-19дан каза болгондордун саны үзүлбөй жатат. Учурда оор абалда 54 адамдын жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11–янв. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстан боюнча коронавирус 107 адамга жукса, 101 киши илдеттен айыкты. Оору эки адамдын өмүрүн алып кетти. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
Каза тапкан эки адам Бишкек менен Ысык-Көл облусунун тургундары болгон.
Бир сутка ичинде COVID–19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери жалпысынан 82 380 адамга жуккандыгы айтылды.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Республикалык штаб COVID–19дан айыгып кеткендердин жалпы саны 78 003 деп билдирди.
Стационарда учурда 839 бейтап дарыланууда.
Алардын ичинен:
Амбулатордук дарыланууда 1 241 бейтап бар.