COVID: КРде бардык жарандардын вакцина алуусу зарылбы? Адистин пикири

Россиянын Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко коронавируска каршы вакцинаны пайдалануу боюнча Кыргызстан РФтин тажрыйбасын колдонот деп ишенет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандын бардык жарандарына коронавируска каршы вакцина алуунун зарылдыгы жок. Мындай пикирин РФ Мамлекеттик думасынын депутаты, Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
"Россия алгач ооруп калуу коркунучундагы жарандарга вакцина саюуда. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги биздин тажрыйбаны иликтеп көрүп, пайдалуусун өзүнө алат деп ойлойм. Бирок бардык жарандарга эмдөөдөн өтүү зарылдыгы жок деп эсептейм", — деди Онищенко.
Пресс-борбор
Академик: "Cпутник V" вакцинасын бардык курактагылар алса болот
"Спутник V" — дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы Россиянын Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунан иштелип чыккан вакцина. Препарат адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү бул вакцинаны алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.