БИШКЕК, 11-янв. – Sputnik. Казакстанда өткөн парламенттик шайлоо жыйынтыкталып, Nur Otan, "Ак Жол" жана Казакстан Элдик партиясы (НПК) алдыга чыкты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан сайты жазды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Nur Otan 71,97 пайыз добуш алып, алдыга озду. "Ак Жол" демократиялык партиясы 10,18 пайыз добуш менен экинчи орунга чыкса, үчүнчүдө 9,03 пайыз добуш алган Казакстан Элдик партиясы келе жатат.
"Ауыл" элдик-демократиялык партиясы 5,75, "Адал" саясий партиясы 3,07 пайыз добушка ээ болушкан.
Өлкөнүн мажилисине (парламенттин төмөнкү палатасы) өтүү үчүн партиялар 7 пайыздык босогодон өтүшү керек.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев өзү башында турган Nur Otan партиясын шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганын РИА Новости жазды.
Эми мажилисте Nur Otan партиясына 84 депутаттык мандат, "Ак Жол" партиясына жети жана Казакстан Элдик партиясына жети мандат берилет. Мындан сырткары, мажилиске Казакстан элдеринин ассамблеясынан тогуз өкүл кирет.