Дүйнө чемпионатына тандоо: Мьянма – Кыргызстан беттешинин өтүүчү күнү айтылды

Аталган беттеш улуттук курама команда үчүн пандемиядагы тыныгуудан кийинки алгачкы оюну болот. Кыргызстан өткөн жылы оюн өткөргөн эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 2022-жылы Катар өлкөсүндө өтүүчү Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо этабынын алкагында Мьянма - Кыргызстан курама командаларынын беттеши 30-мартта Мандалай шаарында өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.
Аталган беттеш улуттук курама команданын пандемиядагы тыныгуудан кийинки алгачкы оюну болот.
"Беттеш Mandalar Thir стадионунда өтөт. Оюн жергиликтүү убакыт боюнча 18:00дө (Бишкек убактысы менен 17:30) башталат", — деп айтылат маалыматта.
Азия футбол конфедерациясы (АФК) тандап алуу оюндары өз убактысында жыйынтыкталбай калса, оюндар "өз үйүндө – конокто" системасы боюнча же борборлоштуруп өткөрүлө тургандыгын маалымдады.
Дзюдочу Юрий Краковецкий Дохадагы рейтингдик мелдешке аттанат
Мурдагы график боюнча Кыргызстан командасынын тандап алуу турдагы оюндары марттан июнь айына чейин өтүшү керек эле, бирок коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган.
Улуттук команда F тайпасында Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен жолдомо талашууда. Кыргызстан учурда тайпада экинчи орунда келе жатат.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу улуттук команда өткөн жылы оюн өткөргөн жок. Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) 2020-жылы чыгарган рейтингинде Кыргызстан 96-орунга жайгашты.