БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоого катышкандардын көрсөткүчү 39,75 пайызды түздү, тактап айтканда, 1 миллион 416 миң 485 жаран добуш берген. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Жалпысынан 3 миллион 563 миң 574 шайлоочу катталган. Катышуу боюнча эң жогорку көрсөткүч Ысык-Көл облусунда экени маалым болду.
Аймактар боюнча маалымат:
АСУнун 98,02 пайызга эсептелген маалыматтарына ылайык, шайлоодо Садыр Жапаров ишенимдүү түрдө алдыга озуп чыккан.