"Ала Тоо" аянтына кайрадан белгисиз адамдар чогулуп, тамак-аш алып келүүдө. Сүрөт

Кечээ кечинде дагы өзүн тааныштырбаган адамдар борбордук аянтта концерт уюштурууга аракет кылган. Бирок көп өтпөй тарап кетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына белгисиз адамдар кайрадан чогулуп, тамак-аш жана музыкалык жабдууларды алып келүүдө. Бул тууралуу жеринен Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.
1 / 5
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына белгисиз адамдар кайрадан чогулуп, тамак-аш жана мазыкалык жабдууларды алып келүүдө.
2 / 5
Элүүдөн ашык чымыр денелүү балдар борборго чагулду, арасында металлодетектор көтөрүп жүргөндөр дагы бар.
3 / 5
Бирок алар өзүн тааныштыруудан баш тартты.
4 / 5
Эки чакан автобус аянтка музыкалык техника менен суусундуктарды алып келди.
5 / 5
Ал эми белгисиз бирөөлөр Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде автоунаанын кыймылын чектөө үчүн тосмолорду коюп жатышат
"Элүүдөн ашык чымыр денелүү балдар борборго чогулду, арасында металлодетектор көтөрүп жүргөндөр дагы бар. Бирок алар өзүн тааныштыруудан баш тартты. Эки чакан автобус аянтка музыкалык техника менен суусундуктарды алып келди. Ал эми белгисиз бирөөлөр Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишине автоунаанын кыймылын чектөө үчүн тосмолорду коюп жатышат", — деди кабарчы.
Эске салсак, кечээ кечинде дагы өзүн тааныштырбаган адамдар борбордук аянтта концерт уюштурууга аракет кылган. Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ал жерде эмне болуп жатканын тактап, маалымат берерин билдирип, бирок кийин байланышка чыккан эмес. Көп өтпөй аянттагылар тарап кетишкен.