Жапаров: КРде дагы бир референдум өтүп, саясий процесстер 1-июнга чейин бүтөт

Жапаровдун айтымында, Конституциялык кеңешме жаңы Баш мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке көрсөтүшү керек. Андан кийин парламент референдумдун датасын дайындайт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстанда дагы бир референдум өтөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров президенттик шайлоодон кийинки маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Эл президенттик башкаруу формасын тандап алды. Жакынкы арада Конституциялык кеңешме жаңы Баш мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке көрсөтүшү керек. Андан кийин парламент референдумдун датасын дайындайт. Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин реформа жасайбыз. Анда бийликтин жаңы структурасы түзүлүп, жаңы Жогорку Кеңеш шайланат. Ал парламенттин жарымы бир мандаттуу болсо, жарымы партиялык система менен тандалат. Булардын баарын, мыйзамда жазылгандай, 1-июнга чейин бүтүрүшүбүз керек", — деди Жапаров.
БШКнын акыркы маалыматтары боюнча, Жапаров шайлоочулардын 79,21 пайыз добушун алып, президенттик шайлоодо алдыга озуп чыкты.